Редакцияот 26.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Тал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын сессиясы

 

2014-жылдын 26-февралы № 11/4

Ак-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Сатаровдун билдирүүсү жөнүндө

Ак-Тал айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Сатаровдун билдирүүсүн, долбоорун жана депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Ак- Тал айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Тал айылынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Сатаровдун 2013 -жылда аткарган иштери жана отчету канааттандырарлык белгиленсин.

2. 2014-жылы жайыт акы мал башына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

1. уй, жылкы,төө, эшек -  1 башка    85 сомдон

2. тай, торпокко      -  1 башка    57 сомдон

3. кой - эчкиге         -   1 башка     17 сомдон.

1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, финансы жана экономика боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

 

Ак-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М. Алыбаев