Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-майы № 13/3
Ак-Тал айылынын жашоочусу Анарбеков Осмонкулдун арызы жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Анарбеков Осмонкулдун арызын угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Анарбеков Осмонкулдун арызы канааттандырылып, Көлмө участкасындагы айдоо аянтына тиешеси жок саздак жерден балык чарбасын уюштурууга 0,50 га жер участогу 5 (беш) жылга арендага иштетүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Балык чарбасын уюштуруу үчүн жер участогун мыйзамдын чегинде берүүнү Ак-Талаа райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан жана экология бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтом боюнча тиешелүү документтерди даярдап мыйзам чегинде иш жүргүзүү арыз ээси Анарбеков Осмонкулга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа, курулуш, транспорт байланыш тармагынын төрайымы Ж.Турдуманбетовага тапшырылсын.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|