Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-майы № 13/4
Ак-Тал айылынын жашоочусу Кыдыралиев Санташбектин арызы жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Кыдыралиев Санташбектин арызын угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Кыдыралиев Санташбектин арызын канааттандырылып, А.Жумалиев көчөсүндөгү Т.Токторовдун соода точкасынын жанына кафе ачуу үчүн жер участогу бөлүнүп берилсин
2. Кафе салуу үчүн жер участогун мыйзамдын чегинде берүүнү Ак-Талаа райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан жана экология бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтом боюнча тиешелүү документтерди даярдап мыйзам чегинде иш жүргүзүү арыз ээси Кыдыралиев Санташбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа, курулуш, транспорт байланыш тармагынын төрайымы Ж.Турдуманбетовага тапшырылсын.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|