Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-майы № 13/6
Ак-Тал айыл аймагында "Беккари" биометрикалык чуңкурун жасоо жана жаңы конушту электр чубалгысы менен камсыздоо үчүн ТП орнотуу жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Р.Аалыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагында малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу жана болтурбоо максатында "Беккари" чуңкурун жасоо үчүн айылдын чыгыш тарабындагы "Жондун үстү" учаскасынан 5 (беш) сотый жер бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Тал айылынын Батыш тарабында жайгашкан жаңы конушка электр энергиясын тартуу үчүн, жалпы сыйымдуулугу 160 квт.тык ТП коюу үчүн 10 кв/м жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа, курулуш, транспорт байланыш тармагынын төрайымы Ж.Турдуманбетовага тапшырылсын.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|