Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-июну № 14/1
Ак-Тал айыл аймагында, ПРООНдун "Нарын облусу боюнча өнүктүрүү" долбоорунун талабына ылайык Ак-Тал айыл өкмөтүнүн алдында башка категорияларга таандык кылынбаган, экономикалык маселелер 70491 разделге смета ачуу жөнүндө
Ак-Тал айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Шакированын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, башка категориялар-га таандык кылынбаган 70491 разделге төмөндөгүдөй кылып: жаңы конушка электр линиясын тартууга 3б3510 (үч жүз алтымыш үч миң беш жүз он) сом, жаңы конушка суу түтүгүн тартууга 375800 (үч жүз жетимиш беш миң сегиз жүз) сом, биотермикалык чуңкур казууга 2б5348 (эки жүз алтымыш беш миң үч жүз кырк сегиз) сом, сугат суусу келүүчү каналды тазалоого 35432б (үч жүз элүү төрт миң үч жүз жыйырма алты)сом, картошка айдагыч жана казгыч б50000 (алты жүз элүү миң) сомго смета ачып берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы бөлүмүнө сунушталсын.
2. Жогорудагы смета ачууга жана аны пайдаланууга тиешелүү документтерин тактап, толуктап Ак-Талаа районунун финансы бөлүмүнө жиберүү жагы Ак-Тал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б Шакировага милдеттендирилсин.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев
|