Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 11-февралы № 14/1
2013-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2013-жылга аткарылышы. Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2014-жылга бекитүү жана 2015-2016-жылга болжолдуу пландарын бекитүү
2013-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2013-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2014-жылга бекитүү жана 2015-2016-жылдарга болжолдуу пландары боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси ,экономист-статист Н.Мадакимовдун билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2013-жылга
аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын планы кабыл алынсын.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун орто аралыктагы 2015-2016-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы жөнүндө ,пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча ,зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы , Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына ,менчигинин түрунө карабастан айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |