Редакцияот 11.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2014-жылдын 11-февралы № 14/5

2011-жылдын 16-март КР Ош-Баткен облустарынын монополияга каршы агенттигинин жана Ош зоналдык мамлекеттик ветеринардык башкармасынын № 39/5 буйругун аткаруу жөнүндө

2011-жылдын 16-март КР  Ош-Баткен облустарынын монополияга каршы агенттигинин жана Ош зоналдык мамлекеттик ветеринардык башкармасынын № 39/5 буйругунун негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн ветеринардык сервистин башчысы А.Опушовдун билдирүүсүн угуп талкуулап

Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 16-март КР Ош-Баткен облустарынын монополияга каршы агенттигинин жана Ош зоналдык мамлекеттик ветеринардык башкармасынын № 39/5 буйругунун негизинде ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн түрү төмөндөгүдөй белгиленсин:

№

Кызмат көрсөтүүнүн түрү,вакцинациялоо

Баасы (сом)

1

Жылкы

20

2

Имм

20

3

Кой-эчки

10

4

Канаттуулар

5

5

Ит

40

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн ветеринардык сервистин башчысы А.Опушовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.

 

Үч-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Акматов