ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 25-январы № 13/1
“Кичи-Каракол” балдар- бакчасынын2013 - 2014 –жылдардын жаны окуу жылына карата ремонт иштеринин жүрүшү,2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын абалы жана “Кичи- Каракол” балдар- бакчасынын эмгек жамаатынын арызын кароо жөнүндө
Кичи-Каракол” балдар-бакчасынын 2013-2014-жылдардын жаны окуу жылына карата ремонт иштеринин жүрүшү,2013-2014-жылдардын күз-кышмезгилине карата даярдыктын абалы жана “Киичи-Каракол” балдар-бакчасынын эмгек жамаатынын арызы тууралуу Экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн “Кичи-Каракол” балдар- бакчасынын 2013 - 2014 -жылдардын жаны окуу жылына карата ремонт иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн “Кичи-Каракол” балдар- бакчасынын 2013 - 2014 –окуу жылдын кз-кыш мезгилине карата даярдыгы канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
3. “Кичи-Каракол” балдар- бакчасынын башчысы А.Жаанбаеванын аткарган кызматындагы финансылык кемчилдиктерди белгилменен,2013-жылы жүргүзгөн ишине айылдык кенешинин депутаттары тарабынан канааттандырарлык эмес деп баа берилгенине байланыштуу ,А.Жаанбаеванын иштеп жаткан кызматына баа берип,жыйынтыгын чыгарып берүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |