Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 25-январы № 13/4
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого,Кызыл-Алай, Чон-Каракол, Кичи-Каракол, Ак-Жай, Гежиге айылдарынын ички жолдорун тактоо жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдорун тактоо боюнча элден түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында, Үч-Төбө айылөкмөтүнүн жер адиси Н.Туркбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Босого,Кызыл-Алай,Чон-Каракол, Кичи-Каракол, Ак-Жай, Гежиге айылдарынын тургундары тарабынан мыйзамсыз тосулуп алынган ички жолдорду ачуу максатында атайын төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
Туркбаев Н- Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси,комиссиянын төрагасы
Мадакимов Н - Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси,комиссиянын төрагасынын орун басары
Шерикбаев М- Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси,комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
Саринжиев У - Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси.
Турдубаев А – Аймактык тескөөчү.
Кенешбаев Р- Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).
Турдумаматов А- Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).
Султанова А - Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).
Мамытов И - Үч-Төбө айылдык кенешинин депутаты.(макулдашуу менен).
Бардык айыл башчылар.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышына мыйзамсыз каршы көрсөтүүлөр болсо,мыйзамдын негизинде жоопко тартылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |