Редакцияот 26.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV заседаниеси

 

2015-жылдын 26-январы № 22/2

«Алай районундагы, Алай өз алдынча баланстагы токойчулугунун «Алай токой чарбасы» статусуна которуу жөнүндө»

Алай токойчулугунун башчысы О.Мышыковдун өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле Алай өрөөнүндөгү токой тилкелеринин сакталышына, ийнежалбырактуу арча, карагай көчөттөрүн өстүрүүгө, питомниктердеги көчөттөрдүн ар-түрдүүлүгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү, райондун аймагындагыэкологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында

Сары-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай районунун аймагындагы Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана Гүлчө дарыясынын бойлорундагы жээкти бекемдөөчү токойтилкелеринин базасында «Алай токой чарбасын» түзүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго сунушталсын.

 

Сары-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Эсенбаев