Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 24/1
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын 2013-2014-жылдарга карата ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын 2013-2014-жылдарга карата ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2013- жылы Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын ата-эенелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 38100 сомго бекитилгендиги жана чыгаша бөлүгү 30 000 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.2014-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 173,600 сомго бекитилген жана 173,600 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3.2015-жылга “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасына кошумча тайпа ачылгандыгына байланыштуу ар бир балага 200 (эки жүз) сомдон 81 балага бир айга 16 200 (он алты мин эки жүз) сом бир жылга 194,400 (бир жүз токсон төрт миң төрт жүз) сомго бекитилсин.
4.2015-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 170 000 (бир жүз жетимиш миң) сомго жана чыгаша бөлүгү 170 000 ( бир жүз жетимиш миң) сомго бекитилсин.
5. Ата-энелер жыйымынан түшкөн 194 400 (бир жүз токсон төрт миң төрт жүз) сом акча каражаты балдардын ысык тамагы үчүн азык-түлүккө (ст. 22181100- 194 400 сомго) жумшалсын.
6. Атайын каражаттын акчасын өз убагынан кечиктирбей төгүү жана туура максаттуу жумшалышын камсыз кылуу ошондой эле отчетун өз убагында айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын башчысы Г.Эсеновага милдеттендирилсин.
7.Атайын каражатты Смета боюнча каржылоо жагын камсыз кылуу айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет комиссиясынын төрагасы Б.Эмиловго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |