Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-марты № 25/1
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, айылдык Кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкулоонун негизинде Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилсин.
2. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы элге толук жеткирүү жагы айыл башчыга милдеттендирилсин.
3. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Ж.Алашовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго тапшырылсын.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |