Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 1-декабры № 8/1
Кара-Суу шаарындагы ички көчөлөрдүн абалы жана автоунаа токтоочу жайлар жөнүндө
Кара-Суу шаарындагы ички көчөлөрдүн абалы жана автоунаа токтоочу жайлар боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылы коопсуздугунун башчысынын маалыматынына ылайык Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриясы жана шаар мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине;
- Кара-Суу шаарына автоунаа токтоочу жайга мыйзам чегинде жер жыратып берүү;
- Кара-Суу шаарындагы фирмаларга оор жүк ташуучу автоунаалар кирип жолдорду бузуп жаткандыктан, ошол фирмаларга кирип жаткан оор жүк ташуучу авоунааларга чара көрүүнү;
- Базардын алдыдагы автоунаа тыгындарын болтурбоо максатында жолдун ортосуна бөлүп туруучу бетон тосмо коюп берүнү милдеттендирет.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Х. Хатамов |