Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 1-декабры № 8/3
Кара-Суу шаарынын мэри З.Тургунбаевдин 2014-жылдын 9 айында шаардын аймагында аткарылган иштер жөнүндө
Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясына:
2014-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча кабыл алынган план-божомолдордун, жергиликтүү бюджеттин сапаттуу аткарылышын камсыздоо, тийиштүү чараларды көрүшсүн;
- Кара-Суу шаарындагы чон-чон имараттар, складдар менчигинин түрүнө карабастан тактап, алардан жер налогун жана башка салыктардан кайсы ишкана же складдар канча карыз тактап берүү милдеттендирилсин.
- атайын каражат сметасында каралган кирешелер бөлүгүнүн толук жыйноо, смета чыгашасы боюнча иштетүү жүктөлсүн;
- Кара-Суу шаарындагы өткөрүлгөн тендерлерге мүчө катары шаардык кенештин депутаттарынан көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Суу шаар мэриясына, шаардык Кеёештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Х. Хатамов |