Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2014-жылдын 1-декабры № 8/4
Кара-Суу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Исмаиловдун отчетун угуп жана талкуулап
Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Исмаиловдун отчетун канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Кара-Суу шаарындагы тендерден уткан ишканалар (подрядчиктердин) аткарылып жаткан жумуштар толугу менен көзөмөлгө алынып комиссиянын негизинде өткөрүп алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын (Ы.Чырмашевге) тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Х. Хатамов |