Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык Кеңешинин V чакырылышынын сессиясы

 

2015-жылдын 4-апрели № 1

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезексиз сессиясына чакыруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Жекенди айылдык Кенешинин депутаттарынын бешинчи  чакырылышынын кезексиз    сессиясына 2015-жылдын 4-апрель  күнү, саат 10-00гө айылдык аймагынын  кенешме залына чакырылсын.

2. Сессиянын күн тартибине төмөнкү маселелер  коюлсун:

1-маселе: Жекенди айылдык  аймагы боюнча жайыт комитетинин 2014 –жыл ичинде аткарган  иштеринин жыйынтыгы  жана 2015- жылдагы  мал санагын  жана  бюджетин  бекитүү жөнүндө.

2-маселе: Айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн Жекенди айылдык аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими жөнүндө.

3 –маселе: Ар түрдүү маселелер

3. Сессияга Жекенди айылдык Кенешинин депутаттары, мекеме  жетекчилери, аппарат кызматкерлери чакырылсын.

 

Жекенди айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З. Амирбеков