Редакцияот 20.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык Кеңешинин V чыкырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2015-жылдын 20-августу № 20/1

Өзгөн шаар мэринин 2015-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндө

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XX ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2015-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовтун отчетун угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовтун 2015-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Отчету талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

 

Өзгөн шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Насиров