Редакцияот 14.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2015-жылдын 14-январы № 4

Кашка-Суу айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Каралган маселе боюнча айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана укуктук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Акынбековдун корутундусун угуп Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга Кашка-Суу айылдык Кеңешинин иш планы бекитилсин.

2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий сайтына жарыялансын.

3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн  http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий сайтына  жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/  расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актыларынын  реестрине киргизүү жагы  айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Мырзакайым кызы Гүлкайырга жүктөлсүн.

 

Кашка-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э. Давлетов