Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/5
Катта–Талдык айыл Өкмөтүнүн аймагындагы таза суу пайдалануучулар жөнүндө
Катта–Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) тейлөө – каржылоо булагын бекемдөө максатында Катта – Талдык айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта – Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы ИСКАКБнын тарифтик өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин.
- жалпы таза суудан пайдаланып жаткандарга айына 100 (жүз) сом өлчөмүндө тариф белгиленсин.
- жеке менчик үйлөрүнө киргизип, суу кранын ачкандарга 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө тариф белгиленсин.
2. Тарифтеги белгиленген акчаларды мыйзам чегинде чогултуу жана иштетүү жагы ИСКАКБнын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |