Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин V чакырылган XV кезектеги сессиясы
2015-жылдын 25-марты № 107
Кызыл-Октябрь айылынын калкын таза суу менен камсыздоо үчүн ичүүчүсуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХV-кезектеги сессиясы Кызыл-Октябрь айылынын калкын таза суу менен камсыздоо үчүн, ичүүчү суунун тарифин бекитип берүү жөнүндө “Тогуз-Булак Береке” СООППВнын жалпы жыйынын протоколун талкуулап, сунушун колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айылындагы көчөдөгү колонкалардан ичүүчү сууну пайдалануучуларга бир айына бир жанга 25 (жыйырма беш) сомго, ал эми өз короосундагы колонкалардан ичүүчү сууну пайдалануучуларга бир айына, бир жанга 35 (отуз беш) сомго бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөткө жана айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына сунушталсын.
Кызыл-Октябрь Кеңешинин Кеӊешинин төрагасы |
К.Мусаев |