Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин V чакырылган XVI кезектеги сессиясы
2015-жылдын 30-апрели № 113
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы болжолдуу долбоорлору жөнүндө Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетеринин болжолдуу долбоорун кароо жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин бюджет,финанасы, салык социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын берген маалыматтарын угуп жана карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы болжолдуу бюджети кирешелери жана чыгашалары 13717,9 мин сом олчөмүндө жактырылсын.
2. Айыл окмотүнүн 2018-жылга белгиленген бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү № 1 тиркемеге ылайык жактырылсын жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергия, катуу отун-көмур) боюнча чыгашаларды толук каржылоо багытталаары жана жоопкер болушаары эскертилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, финансы, салык,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Толтоевге, жооптуу катчы М.мамытовго, ФЭБнүн башчысы-башкы бухгалтер А.Араповго милдеттендирилсин.
Кызыл-Октябрь Кеңешинин Кеӊешинин төрагасы |
К.Мусаев |