Редакцияот 17.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 17-октябры № XXVI-1

Ноокат шаарынын 2015-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндө

Ноокат  шаарынын 2015-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде  тийиштүү  мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу  менен каралгандыгынын  негизинде Ноокат шаардык кенешинин  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын 2015-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү  эске алынсын.

2.Ноокат шаарынын 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын убагында аткарылышы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысы М.Абдурасуловго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы,  экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров