Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXV сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 1

Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын «Достук» участкасындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылган 2,9га жер аянтын жана «Ынтымак» айылындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылып бөлүнбөй калган 0,9га жер аянтын Отуз-Адыр айылынын Тыт участкасына  жеке  менчик  үй куруу үчүн которуу жөнүндө

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер адиси Базарбаев Толонбайдын билдирүүсүнүн жана айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын 2015-жылдын 28-апрелинде даярдаган  актысынын  негизинде айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын «Достук» участкасындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылган 2,9га жер аянты жана «Ынтымак» айылындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылып бөлүнбөй калган 0,9га жер аянты Отуз-Адыр айылынын Тыт участкасына  жеке  менчик  үй  куруу  үчүн  которулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу А).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын. (С.Атамбиев)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Базарбаев