Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-майы № 1
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Эмилбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн эсебинен спорт аянтчасын реконструкциялоо үчүн бөлүнгөн 300,0 миң сом акча каражаты каржылоо токтоп калгандыгына байланыштуу пайдаланылбай турат, ошол акчанын 224,5 миң сому балдар бакчасына эмеректерди алуу үчүн МЕРСИКО эл аралык коммерциялык эмес уюмуна которулсун, калган 75,5 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн ар түрдүү керектөөлөрүнө жумшалсын.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө 2015-жылдын 6 айына каралган акча каражатынын иштетилбей калган бөлүгүнүн эсебинен №75 М.Жаманкулов орто мектебинин ашканасын жана чатырын ремонттоо иштерине 150-200 миң сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Эгерде жогорудагы шарт аткарылбай калса 2015-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинин ашыкча аткарылган бөлүгүнүн эсебинен №75 М.Жаманкулов орто мектебинин ашканасын жана чатырын ремонттоо иштерине 150-200 миң сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу А)
Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Ташматов Э
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |