Редакцияот 21.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

 

2015-жылдын 21-июлу № 4

Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелеринин ажыратылышы жөнүндө

 Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Базарбаев Төлөнбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси БазарбаевТөлөнбай тарабынан айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелеринин ажыратылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат 2015-жылдын 03-августуна чейин берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл окмотуно тапшырылсын.(Т.Аликулов)

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Базарбаев