Редакцияот 21.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын I сессиясы

 

2015-жылдын 21-июлу № 5

Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылында  минифутбол аянтчасын курууга макулдук берүү жана ал аянтча үчүн жер тилкесин ажыратып  берүү жөнүндө

 Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидиндин «Минифутбол үчүн жер тилкесин ажыратып берүү» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылындагы стадиондо минифутбол аянтчасын  курууга макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтү тарабынан Отуз-Адыр айылындагы стадиондон минифутбол аянтчасын куруу үчүн 0,11 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.

3. Макулдуктун негизинде иш алып баруу жана  жер тилкесин ажыратып берүү  Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Аликулов)

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Базарбаев