Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 3
Айылдык аймактын айыл башчыларынын 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл башчыларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын айыл башчысы Ирекбаев Турдабайдын, Кара-Дөбө айылынын айыл башчысы Мустапакулов Абдыманаптын жана Жаңы- Кызыл-Суу айылынын айыл башчысы Нышанбаев Суйунбектин 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндөгү отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кыш-Абад айылынын айыл башчысы Сулекеев Айдардын 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндөгү отчету “канааттандырарлык эмес” деп табылсын жана Сулекеев Айдарга мыйзам чегинде чара көрүү Отуз-адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т.Туйбаев)
3. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылынын мурдагы айыл башчысы Абжапаров Төрөмаматтын 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндөгү отчетунун кийинки сессияда тапшырылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев)
4. Жогорудагы токтомдун 2,3 пункуттарынын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |