Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 5
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө “Чоок” айылынын тургуну Хашеков Абылкасымга тиешелүү болгон 0,09 та жер тилкесин сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн юристи Маликов Турдалинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө «Чоок» айылынын тургуну Хашеков Абылкасымга тиешелүү болгон 0,09га жер тилкесин сатып алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (У.Атабаев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |