Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 6
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө Отуз-Адыр айылындагы Шапанова Гүлзатка тиешелүү болгон 0,56га жер тилкесин сатып алууга уруксат берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө Отуз-Адыр айылындагы Шапанова Гүлзатка тиешелүү болгон 0,56га жер тилкесин (мурдагы балдар бакчасынын орду) сатып алууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтү тарабынан жогорудагы жер тилкесин сатып алуу үчүн 5,6 миң сом, жер тилкесин өткөрүп алуу иштерине жана балдар бакчасынын жаңы имаратына долбоор даярдатууга 94,4 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.(У.Атабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |