Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 7
Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерин 2015-жылдын 28-августуна чейин баштоо жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Төрөмурзаев Тариэлдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 14-июлунда Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерине бөлүнгөн 992,0мин сом акчаны тендерден утуп алган ОсОО «Алахан строй» ишканасынын жетекчиси Алиханов Уланга И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерин 2015-жылдын 28-августуна чейин баштоо милдеттендирилсин.
2. Жогоруда белгиленген мөөнөттө асфальттоо иштери башталбаса Алиханов Уланга мыйзам чегинде чараларды көрүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Молдошов Эсен).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |