Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 8
Отуз-Адыр айылындагы аллеяны, стадионду реконструкциялоо иштерине жана маданият үйүн жана оорукананы капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоорлорду жасатууга акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан
а) Отуз-Адыр айылындагы аллеяны реконструкциялоо иштери үчүн долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоого – 35,0 миң.сом.
б) Отуз-Адыр айылындагы стадионду реконструкциялоо иштери үчүн долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоого -35,0 миң.сом.
в) Отуз-Адыр айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү иштери үчүн долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоого- 30,0 миң.сом.
г) Отуз-Адыр айылындагы оорукананы чатырын жаңылоо жана территориясына брусчатка бастыруу иштери үчүн долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоого 25,0 миң.сом.
д) Отуз-Адыр айылындагы айыл өкмөтүнүн кеңсесин капиталдык ремонттон өткөрүү иштери үчүн долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдоого -25,0 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т. Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |