Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 9
№55 К.Зулпиев орто мектебинин жылытуу системасынын ремонтуна жана мектептин филиалынын чатырытынын учуп кеткен шиферлерин толуктоого, №9 М.Тешебаев орто мектебинин №3 имаратына жылытуу системасын орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Батырбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан
а) №55 К.Зулпиев орто мектебинин жылытуу системасынын ремонтуна __5,0 миң сом ,
б) №55 К.Зулпиев орто мектебинин филиалынын чатырынын учуп кеткен шиферлерин толуктоого_______5,2 миң сом,
в) №9 М.Тешебаев орто мектебинин №3 имаратына жылытуу системасын орнотууга____ 5,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.(Т.Туйбаев).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын(У.Атабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |