ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2015-жылдын 27-августу № 3
2015-жылдын 04-октябрында өтүүчү шайлоолорду өткөрүүнү уюштурууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2015-жылдын 04-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоолордун уюшкандыкта өткөрүлүшүн камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө мал чарбасында инфекциялык ооруларга каршы иш чараларды уюштурууну каржылоого каралган акча каражатынын эсебинен 17.5 миң.сом кыскартылсын.
2. Жогоруда кыскартылган акчанын эсебинен 2015-жылдын 04-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруу иштерине 17.5 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Беделов |