Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-октябры № 1
КРдин Финансы министрлигинин дем берүүчү гранты аркылуу каржылануучу Отуз-Адыр айылындагы борбордук оорукананы, стадионду жана аллеяны, маданият үйүн реконструкциялоо иштери үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен өздүк (үлүш) салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Төрөмурзаев Тариэлдин «2016-жылы КРдин Финансы Министрлигинин дем берүүчү гранты аркылуу каржылануучу Отуз-Адыр айылындагы объекттер» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРдин Финансы министрлигинин дем берүүчү гранты аркылуу каржылануучу Отуз-Адыр айылындагы борбордук оорукананы, стадионду жана аллеяны, маданият үйүн реконструкциялоо иштери үчүн 1350,0 миң. сом өздүк салым (үлүш) катары айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы объекттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн (госакт даярдоо) айыл өкмөтү тарабынан 60,0 миң. сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т.Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (У. Атабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Беделов |