Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-февралы № 3

Айыл чарба багытындагы кайрак жерлерди кайра бөлүштүрүү фондуна өткөрүү жөнүндө

Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын 05.02.2015-жылдагы №60 корутундусун депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагында жайгашкан төмөндөгү контурдагы айыл чарба багытындагы жер аянттары КБФ нун жерлерине өткөрүлсүн:

2464контурдагы 48,0 га жер аянты

2462 контурдагы 25,2 га жер аянты

2499 контурдагы 23,7 га жер аянты

2510 контурдагы 3,3 га жер аянты

2768 контурдагы 20,0 га жер аянты

Баардыгы :            120,2 га

2. Токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн жер маселеси боюнча жетектөчү адиси Р.Искаковко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын козөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тамчы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иманалиев