Редакцияот 28.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

 

2015-жылдын 28-майы № 12

2015-жайкы эс алуу сезонун уюшкандыкта өткөрүү максатында, айлана-чөйрөнүн экологиялык ,санитардык абалын , эс алуучулардын  коопсуздугун,коомдук тартипти сактоо жөнүндөгү маселени депутаттар угуп,  кызуу  талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тамчы айыл аймагында,айыл Өкмөтүнүн  кызматкерлери,коомдук уюмдар менен биргеликте, коомдук тартипти,санитардык-экологиялык абалды сактоо,көзөмөлдөө  жүргүзүү Тамчы айылдык милиция  бөлүмүнөн  суралсын.

2. Жайкы эс алуу убагында, эс алуучулардын коопсуздугунун  алдын алуу  жана ыңгайлуу  шарт түзүү  максатында  төмөндөгүдөй  тартипте  төлөмдөр бекитилсин айына:

таштанды чыгарууга:

эс алуу  жайларынан жана жеке секторлордон ар бир  эс алуу орунга -150 сом айына

павильон -1000 сом  айына

кафе,ашкана-3000 сом айына

кызыл чектен тышкары жайгашкан соода түйүндөрү кошумча ар бир м2      жерге -500 сом

көл   жээгине кирген авто  унааларга (квадрацикл,малдар)-1000 сом

коомдук жерде тазалыкты сактабагандарга -     1000 сом

атайын бөлүнгөн жерлерден сырткары жерлерде ат,эшек,квадрацикл менен кызмат көрсөткөндөргө  - 1000 сом өлчөмүндө айып пул бекитилсин

таштанды төгүлчү контейнерлерден сырткары таштанды төккөндөр               үчүн -1000 сом

3. Ысык-Суу туташтырылган үйлөрдөн эс  алуу убагында  1000 сом өлчөмүндө төлөм киргизилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу  жагы  айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Тамчы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иманалиев