Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2015-жылдын 10-августу № 15
Шайлоо участогун ачуу жөнүндө
КР нын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 06,08,2015-жылдагы №107 токтомунун негизинде Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы Кош-Көл айылына №3248 шайлоо участогу ачылсын.
2. Шайлоо участогунун чек аралары:
- Кош-Көл айылы
- Гүл бакча конушу
- Эс алуу жайлары
- Борбору Кош-Көл айылындагы ФАПтын имараты.
3. №3248 шайлоо участогунун жергиликтүү шайлоо комиссиясы бекитилсин.
4. №3248 шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмегин тактоо жагы шайлоо комиссиясына милдеттендирилсин.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|