Редакцияот 14.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2015-жылдын 14-сентябры № 18

Билим берүү мекемелеринин кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жөнүндө

Айылдык Кеңештин кезектеги XVI сессиясынын күн тартибинде каралган,мектептердин 2015-2016-жылдары кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыгы жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин, айыл тургундарынын 07.09.2015-жылдагы жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде  Тамчы айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тамчы мектеп-гимназиясынын эшик-терезелерин алмаштырууга чыгымдалуучу акча-каражаттын 30% жергиликтүү бюджеттен жана 70% дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Акча-каражатты табуу жагы айыл Өкмөтүнүн каржы-бөлүм башчысы Бейшембиев Фархадка милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу  жагы  айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо, маданият тармагы боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Тамчы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иманалиев