Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июлу № 28/20-2
Спорт комплекс куруу жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин “Билим берүү, маданият, спорт, туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча” туруктуу комиссиясынын мучосу Булатов Алмаздын билдируусун угуп, талкуулап жана А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын мудуру Ворочева Л.Ннын макулдугунун негизинде, жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып Чолпон-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын аймагында узундугу 21400 м.кв туурасы 21360 м.кв жер аянтына мектептин окуучулары үчүн спорт комплекс курулсун.
2. Туруктуу комиссиянын мучосу А.Булатов спорт комплекстин курулушун демоорчулордун жардамы менен курулаарына милдеттеме алгандыгына байланыштуу, курулушту бутуруу Булатов Алмазга жуктолсун .
3. Мэриянын каржы болумунун башчысы А.Токтобековага спорт комплекске болунгон 500,0 с акча каражаты, демилгечи тараптар демоорчүлорду тапканга чейин болунуп берилбей турсун.
4. Ушул токтомду Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизуу учун областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомду козомолдоо жагы шаардык Кеңештин “Билим беруу, маданият, спорт, туризм жана саламаттыкты сактоо боюнча” туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Иманбеков |