Редакцияот 13.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы

 

2015-жылдын 13-марты № 9/15

М.А.Момуновго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам ыйгаруу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынын тургуну, Ош шаардык батыш күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын полковниги М.А.Момуновго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам  ыйгаруу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынын тургуну, Ош шааррдык батыш күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын полковниги М.Момуновго  Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам ыйгаруу  жөнүндөгү  Улук айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомунун, Т .Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенешинин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын  сунуштарын   Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  IX  сессиясы  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Улук айылынын тургуну Ош шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын полковниги Момунов Максатбек Айдаркуловичке  Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ  АТУУЛУ» деген наам ыйгарылсын.

2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Кош-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Карабаев