Редакцияот 13.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы

 

2015-жылдын 13-марты № 9/16

У.Амиракуловага Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ  АТУУЛУ» деген наам ыйгаруу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Чие айылынын тургуну, Чие айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун башчысы У.Амиракуловага Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наам ыйгаруу жөнүндө Чие айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомунун  жана  №11-УБДТ кызматкерлеринин жалпы чогулушунун токтомунун негизинде Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын  сунуштарын   Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Чие  айылынын тургуну Чие айылындагы фельшердик-акушердик пунктунун башчысы  Амиракулова Урматка Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ  АТУУЛУ» деген наам  ыйгарылсын.

2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Кош-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Карабаев