Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июну № 1
Жалгыз-Терек айылындагы «Жалгыз-Терек жоогазындары» бала бакчасынын жана Жалгыз-Терек айылынын административдик имаратынын талаш маселесин кароо жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Жалгыз-Терек айылынын башчысы А.Алымбаевдин жана «Жалгыз-Терек жоогазындары» бала бакчасынын жетекчиси Исакбаева Салтанаттын имарат боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалгыз-Терек жоогазындары» бала бакчасынын жана Жалгыз-Терек айылынын административдик имаратынын талаш маселелерин жеринде териштирүү жүргүзүп жана мыйзам чегинде чечүү жагы Депутаттардан түзүлгөн Билим берүү, жаштардын иши, дин, коомдук кыймылдар, саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жана Жерге-Тал айыл өкмөтүңүн башчысы Ш.Жумабековага милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков
|