Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июну № 2
Жерге-Тал айыл аймагында ичкилик ичимдиктерин сатууну токтотуу жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча Жалгыз-Терек, Жерге-Тал, Кара-Чий айылдарынын тургундарынын жана энелеринин кайрылуусун угуп жана талкуулап
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалгыз-Терек айылынын жалпы чогулушунун 19-май №04 токтому, Жерге-Тал айылынын жалпы чогулушунун 8--май №5токтому, Кара-Чий айылынын жалпы чогулушунун 15-май №13токтому жана Кыргыз республикасынын Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо Мыйзамынын31-беренесинин 15-бөлугунө ылайык Жерге-Тал айыл аймагынындагы соода түйүндөрүндө алкоголдук ичимдиктерин сатуу токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ЖергеТал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Жумабековага, аппарат адистерине, аксакалдар сотуна, жаштар уюмуна, аялдар кенешине, ардагерлер кенешине, участкалык инспектор У.Эсеналиевке милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков
|