Редакцияот 28.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 28-августу № 1

Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2015-жылын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы милдеттер жөнүндө

Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы  айылдык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылдын экинчи жарым жарым жылдыгына каралган айылдык бюджети айылдык   Кеңештын депутаттарын   «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк»  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жонундъгу» Мыйзамынын  27-статьясынын 5 пунктуна  ылайык депутаттардын Жаны-Ноокат айылдик Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2015-жылын биринчи жарым жылдыгындагы бюджетинин аткарылышын канааттандырарлык деп табылсын.

2 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттин пайдаланууда бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык- экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

3 Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын жаны-Ноокат айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Имамов