Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 17/7
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу М.Кадыров көчөсүнө асфальт төшөө үчүн үлүштүк (дем берүүчү) граттын эсебинен ишке ашуу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу М.Кадыров көчөсүнө асфальт төшөө үчүн үлүштүк (дем берүүчү) граттын эсебинен ишке ашуу үчүн сунуш кылынган долбоор жактырылсын.
2. Бул долбоордо көрсөтүлгөн Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн 1 327 455 сомдун өздүк салымы 10% же 295175 сомдук өздүк салымды эл жумушчу күчү менен камсыз кылат жана 10% же 295175 сомдук акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |