Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 17/8
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 «Наристе» балдар бакчасынын уктоочу бөлмөлөрүн полдоо, балдар ойноочу аянтчага жайкы беседкаларды куруу жана ар түрдүү эмеректер менен толуктоо, бакчанын алды жагын темир тосмо менен тосуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №3 «Наристе» балдар бакчасынын уктоочу бөлмөлөрүн полдоо, балдар ойноочу аянтчага жайкы беседкаларды куруу жана ар түрдүү эмеректер менен толуктоо, бакчанын алды жагын темир тосмо менен тосуу боюнча жазылган долбоор жактырылсын.
2. Бул долбоордо көрсөтүлгөн Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттынэсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн 1 327 455 сомдун өздүк салымы 20% же 265492 сомдун 10% же 132746 сомдук жумуш күчүн 10% же 132746 сомдук акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |