Редакцияот 25.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 19-заседаниеси

 

2015-жылдын 25-апрели № 19/1

Гүлчө айыл аймагынын инвестициялык конкурска катышууга конкурстук комиссиянын жыйынтык чыгарган протоколун бекитүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл аймагынын инвестициялык конкурска катышууга конкурстук комиссиянын жыйынтык чыгарган Гүлчө, Курманжан Датка, Кыркоол, Жылуу-Суу, Кара-Булак, Таш-Короо айылдардын демилгелүү топтордун өткөргөн элдик жыйындарынын  протоколдору  бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тиешелүү документтерди тактоо жана  өз мөөнөтүндө тиешелүү жерлерге тапшыруу Гүлчө айыл өкмөт башчысы Б.Таировко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Гулчө айылдык

Кеңешинин төрагасы:

Ш. Жапанов