Редакцияот 25.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 19-заседаниеси

 

2015-жылдын 25-апрели № 19/2

Гүлчө айыл өкмөтүндө түзүлгөн конкурстук комиссиянын 2015-жылдын 9-апрелиндеги отурумунун протоколун бекитүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулоонун   негизинде  Гүлчө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

I.              Гүлчө айыл өкмөтүндө түзүлгөн конкурстук комиссиянын 2015-жылдын

9-апрелиндеги отурумунун протоколунун токтому бекитилсин.

II.            Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдарында өткөрүлгөн демилгелүү топтун

чогулуштарынын протоколдорунун негизинде төмөндөгү сунушталган көгөйлөр, эң көйгөйлүү маселелер деп аныкталсын:

1.    Гүлчө айылынын  ички жолдоруна асфальт төшөө

2.    Гүлчө айылындагы Тапык Отунчиев атындагы орто мектепке кошумча имаарат куруу.

3.    Гүлчө айылынын ичиндеги таза суу түтүктөрүн алмаштыруу.

4.    Гүлчө айылынын ички арыктарына латокторду коюу.

5.    Кыркоол айылынынын мектебине спорт зал куруу.

6.    Кара-Булак, Жылы-Суу айылдарында бала-бакча куруу.

7.    Таш-Короо айылына бала бакча куруу

8.     Курманжан датка айылына спорт зал куруу.

9.    Гүлчө айылына кондитердик цех куруу.

10.  Гүлчө айылына муниципалдык мал базар куруу.

III.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Гулчө айылдык

Кеңешинин төрагасы:

Ш. Жапанов