Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июлу № 21/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн белгиленген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгқртүү киргрзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 18-майындагы № 308-б буйругу, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 11-июнундагы № 120 «Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөөнүн балдарына жайкы эс алуусун татыктуу уюштуруу жөнүндө» буйругун аткаруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын билдирүүсүн угуп жана таолкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айындагы үнөмдөлгөн беренелеринин зарыл болгон беренелерине керектөөсүнө жараша жылдырылсын.
Бөлүм | Мекеменин аталышы | статья | Статьянын аталышы | Азайтуу 3-квартал | Көбөйтүү 3-квартал |
701 | Аппарат | 31113290 | Башка курулмаларды куруу | 100,0 |
|
701 | Социалдык коргоо | 22154900 | Түрдүү чыгымдар жана кызмат акылары үчүн |
| 20,0 |
701 | Аппарат | 21112100 | Контрактын негизинде иштеген кызматкерлерге |
| 44,0 |
701 | Аппарат | 21211100 | Соц фондго 17,25% |
| 7,6 |
701 | Аппарат | 21111300 | Кошумча төлөөлөр жана компенсациялар |
| 28,4 |
| Бардыгы |
|
| 100,0 | 100,0 |
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетик каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде кошумча өзгөртүүнү берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жана акча каражаттарынын максатуу, мыйзамдуу пайдаланууну камсыз кылуу айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага жана айыл өкмөт башчысы Б.Таировко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |