Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 22/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Таш-Короо айылында өзгөчө кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2015-жыл үчүн бекитилген бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Таш-Короо айылында Сибирь кулгунасынын оору козгогучтары аныкталгандыгына байланыштуу ооруну жоюу жана таркатбоо максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун билдирүүсүн угуп жана талкулоонун негизинде Гүлчө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасындагы каралган акча каражатынын Аппараттын 31113290 (Башка курулмаларды куруу) элементинен 90,0 (Токсон мин) сом акча каражатын Таш-Короо айылындагы оору чыккан жердин айланасын тосууга жана дезинфекциялоого керектөөсүнө жараша жумшалсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана акча каражаттарынын максатуу, мыйзамдуу пайдаланууну камсыз кылуу айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага жана айыл өкмөт башчысы Б.Таировко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |